mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ош облусундагы Ош-Сарыташ-Эркечтам унаа башкармалыгына караштуу №21 Жол тейлөө мекемесинин карамагындагы Актерек-Папан-Кожокелен унаа жолунун 24,6-чакырымындагы Ак-Буура дарыясындагы бузулган көпүрө тууралуу маалымат

Актерек-Папан-Кожокелен унаа жолунун 24,6-чакырымындагы Ак-Буура дарыясындагы көпүрө 2021-жылдын 11-октябрында оор жүк ташуучу унаанын жалпы массасы чегинен ашкан  учурда көпүрөдөн өтүп баратып ураган.

Министрлик тарабынан авария болгондон кийин оперативдик түрдө САРМ менен көпүрө  куруу чечими кабыл алынып, иш башталган. Бүгүнкү кундө көпүрөнүн бузулган конструкциялары демонтаждалып, эски көпүрөнүн бетон опорасынын үстүнө жаңыдан арматуралык сетка менен күчтөндүрүлгөн бетон куюлуп, САРМ көпүрөсүн орнотууга даяр болду. Жеринде ташылып келген САРМ көпүрөсүн бири-бирине байланыштырып, узундугу 24 метр, эни 4,6 метр болгон көпүрөнү кураштыруу иштери аткарылып жатат. Андан сырткары дарыянын ичи тазаланып, көпүрөнүн астын таш менен бекемдөө үчүн таштын карьери аныкталып, алдын ала төлөөнүн негизинде таштарды ташуу уюштурулууда.

Куюлган бетондун талап кылынган бекемдиги камсыз болгондон кийин, САРМ көпүрөсүн  орнотуу иштери аткарылат. Жумуштарды аткаруу үчүн жетиштүү сандагы жумушчу күчү жана техника менен камсыз болгон.

Убактылуу САРМ көпүрөсү аркылуу транспорт каттамы болжол менен 2021-жылдын 10-ноябрына чейин берүү пландаштырылууда.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы