mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

КР ТжКМ айдоочуларга оор кесилиштерден өтүүдө сак болууну сунуштайт

2023-жылдын 21-январында КР Транспорт жана коммуниккациялар министрлигине караштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №41 ЖТИнын кызматкерлери Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 310-чакырымында, 293-297-чакырымында, ошондой эле Солтон-Сары-Кичи-Кара-Кужур унаа жолун да  автотранспорттордун коопсуз өтүүсүн камсыз кылуу максатында көпүрөнүн бир катар бөлүктөрүндө муз жарып, муз пайда болгон жерлерди тайгалакка  каршы материал менен толтуруу иштерин жүргүзүштү. Бишкек-Балыкчы-Нарын-Торугарт унаа жолунун 18-30-чакырымдарында да №34 ЖТИнын жумушчулары тарабынан автогрейдер менен жол жээгиндеги кардан тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Республиканын түштүгүндө Ош-Сары-Таш-Эркечтам автожолундагы №959 жана 960-ЖТИнын кызматкерлери Ош облусунун Алай районунун ашууларында жана жолдорунда автотранспорттордун өтүшүн камсыз кылууда. Жогорудагы аталган жолдун 136-чакырымында, 68-чакырымында муз кол менен талкаланып, жолдун сызыгынан чыгарылса, 71,5-72,5-чакырымдарында туз, шлактар ​​төгүлгөн.

Өтмөк ашуусунда Талас-Тараз-Суусамыр жана Бишкек-Ош жолунун Көк-Бел ашуусунда 350-390-чакырымдарында №36, №30-ЖТИнын жумушчулары жолду тазалоо иштерин жүргүзүштү, кар жана тайгаланууга каршы материалды себүү, ошондой эле аларды даярдоо иштери да жүрүүдө.

Дорожный-Чолок-Боом унаа жолунун Чолок айылына жакын жайгашкан Чүй облусунун Кемин районундагы №32 ЖТИнын кызматкерлери да автогрейдер менен унаа жолдогу музду түшүрүү иштерин жүргүзүштү.

21-январь күнү Бишкек-Манас аэропорту жолунда №1 ЖТИнын кызматкерлери жолду кардан тазалоо жана жолго инерттүү материалдарды кошуу үчүн кол менен иш алып барышты.

2023-жылдын 21-январында №24 ЖТИнын кызматкерлери, ошондой эле Түндүк-Түштүк альтернативалык унаа жолунун Арал-Казарман, Арал-Миң-Куш жана Кочкор-Арал-Тоо-Ашуу тилкелеринде туз, кум себүү иштерин жүргүзүштү , унаалардын тоскоолдуксуз өтүүсү үчүн жолдун астындагы суу өткөргүчтөрдөгү трассаны урап түшкөн таштардан тазалоо жана пайда болгон муздарды кол менен жарып чыгуу жумуштары аткарылды.

2022-жылдын 22-январында жогоруда аталган жана башка жолдордо өтмөк ачык болуп, жол кызматкерлери жолдорду кардан, муздан тазалоо жана тайгакка каршы материал кошуу иштерин улантулууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларга эскертет, эгерде жолго чыгып кеткен болсоңуз, унаа жолдорунун ашуу тилкелеринен өтүүдө кар чынжырчаларын алып жүрүүнү, жолдун каршы тилкесине чыкпоону сунуштайт. Кар жааган учурда жолдорду кардан тазалоочу атайын техниканын жумушуна тоскоол болбооңуздарды өтүнөбүз.

Аба ырайынын ыңгайсыз шарттарына байланыштуу ашуу тилкелерине чыга турган айдоочуларга жасалма тыгындарды жаратпоо үчүн жайкы дөңгөлөктөрүн кышкысына алмаштырууну, ынтымакта болууну жана жасалма тыгындарды болтурбоо максатында ашууларда каршы тилкеге чыкпоону сунуштайбыз

 

КР ТжКМнин басма сөз кызматы