mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Боом капчыгайында жол толугу менен ачык

Боом капчыгайында экинчи тилке боюнча да өтмөк ачык. Маалым болгондой, бүгүн Балыкчы-Бишкек унаа жолунун 136-чакырымында көлөмү 600м3 болгон сел суусу түшкөн. Сел болгон жерге Транспорт жана коммуникация министрлигинин атайын техникасы тартылып, алардын жардамы менен каттам тазаланды.
КР ТжКМнин басма сөз кызматы