mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Боом капчыгайында таш кулатуу иштери жүрөт

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолундагы Боом капчыгайында таш кулатуу иштери жүрөт. ТжКМге караштуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, иштер 22-25-май күндөрү жолдун 132-чакырымында жүргүзүлөт.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспекторлору тарабынан аталган тилке жарым-жартылай тосулуп, иштер эртең мененки саат 9:00дөн 15:00го чейин уланат. Ал эми тазалоо учурунда унаалар бир тилке менен өткөрүлөт.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы