mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Боом капчыгайында Кыз-Күйө айылындагы (Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолу) жолдун экинчи тилкеси ачылды. Жол толугу менен калыбына келтирилди.

№32 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана тартылган техника таңга чейин каттамды калыбына келтирүү үчүн жол топурактан тазалап, тынымсыз иштешти.
Белгилүү болгондой, 2022-жылдын 30-июлунда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда жамгырдан кийин сел жүрүп, унаалардын өтүүсүнө чектөө коюлган.
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 128 — 137-км чейинки аралыкта селдин көлөмү болжол менен 20 миң м3 (8,5 км2 же 850 га чейин) түзөт.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы