mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

«Бишкек-Нарын-Торугарт автожолун реконструкциялоо 272-365 км» долбоору боюнча 2020-жылдын 11-майынан тартып курулуш иштери башталды

«Бишкек-Нарын-Торугарт автожолун реконструкциялоо 272-365 км» (Нарын облусу Кочкор жана Нарын району) долбоору боюнча 2020-жылдын 11-майынан тартып курулуш иштери башталды.
2020-жылдын январь жана май айлары аралыгында «Бишкек-Нарын-Торугарт автожолун реконструкциялоо 272-365 км» (Нарын облусу Кочкор жана Нарын району) долбоору боюнча, подряддык Кувейт-Кытай «Копри/Синохидро» ишканасы кышында тейлөө иштерин жүргүзүп, 2020-жылдын март айынан баштап крулуш тилкесине темирбетон суу түтүктөрү жеткире баштаган. 2020-жылдын 29-апрелинде КР Өкмөтүнүн чечими менен 1-майдан баштап курулуш тармагында иштерди жандандырууга уруксаат берилген. 10-майга карата подряддык компания атайын техниканы жана жумушчуларды жерине жеткирип, 11-майдан баштап курулуш иштери башталган.
COVID-19 эпидемиясына байланыштуу 2020-жылга пландалган курулуш иштери толугу менен бүткөрүлбөй калышы ыктымал. Жалпысынан келишим боюнча курула турган иштер толугу менен аткарылат, бирок мөөнөттөрү бир аз узартылышы мүмкүн. Подряддык компания курулуш мөөнөттөрү өлкөдөгү өзгөчө абалга жана кырдаалга байланыштуу токтогондун билдирип, мөөнөтүн узартууну суранган.
2020-жылдын март айында Нарын облусунун жетекчилигинен COVID-19 илдетинин жайылышын алдын-алуу максатында курулуш иштерин токтотуу тууралуу билдирме алган. Консультант да техникалык көзмөл жүргүзгөнгө мүмкүнчүлүгү болгон эмес.
COVID-19 коронавирустук инфекциясынын Кыргызстандын аймагына мындан ары жайылышына жол бербөө боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында 2020-жылдын 17-мартындагы өлкөгө чет элдиктердин кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизүү жөнүндө Өкмөттүн буйругуна өзгөртүүлөр киргизилген. Ага ылайык, 2020-жылдагы квота боюнча, Кыргыз Республикасынын аймагына чет өлкөлүк адистер кире алат. Ага ылайык Бишкек-Нарын-Торугарт 272-365 км реконструкциялоо боюнча «Копри/Синохидро» компаниясынан 4 адис келет. Учурда талапка ылайык адистердин келиши боюнча иш жүргүзүлүүдө.
Сауд өнүктүрүү фондунун макулдугу менен, Кувейт араб экономикалык өнүктүрүү фонду, ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фонду жана Назвмитя Абу-Даби фонду 2019-жылдын 18-сентябрында келишимге №4 кошумча киргизилген, ага ылайык Ат-Башы жана Нарын райондорунда кошумча иштерди аткаруу үчүн 8,6 млн. доллар бөлүнгөн. келишим КР Транспорт жана жол министрлиги менен «Копри/Синохидро» компаниясы ортосунда түзүлгөн.
Бишкек-Нарын-Торугарт автожолун реконструкциялоо, 272-365 км долбоору (Нарын облусу. Кочкор жана Нарын району).
Долбоор Араб координациялык тобу каржылоодо – 66,25 млн.долл, КРӨ каржылоо суммасы 6,1 млн.долл.
Долбоордун жалпы суммасы – 72,35 млн.долл.
Консультациялык компания, техникалык көзөмөл жүргүзгөн — «Тим Интернэшнл/Саудконсалт».