mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Батке районунун автожолдорунда жаңыдан жол куруу иштери жүрүүдө

Баткен району боюнча 2022-жылга «Капиталдык салымдар» беренесине 353 594,8 мин.сом акча-каражаты 14,5 чакырым асфальтобетон каптамын төшөөгө, жаңыдан шагыл жолдорду курууга жана авариялык көпүрөлөрдү калыбына келтирүүгө, ал эми титулдук планда 43 697,2 мин.сом 4 чакырым асфальтобетон каптамын төшөөгө, район аймагында жолдорду тейлөөгө, аң-чуркурларды жамоого акча-каражаты каралды.
Бүгүнкү күндө Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык, Ак-Сай-Рават, Мин-Булак-Чорго-Ак-Сай, Бужум-Чорго автожолдорунда жаңыдан жол куруу иштери жүрүүдө.
Баткен-Кара-Бак автожолуна 5,8 чакырым асфальтобетон каптамын төшөө каралып, 3,2 чакырым аралыка асфальт төшөлүп 5,8 чакырым аралыгына жолдун негизи жасалып бүгүнкү күндө жумуш уланууда, Достук-Ак-Сай автожолуна 1,7 чакырым асфальт төшөө каралып, 1,2 чакырым аралыкка төшөлдү, Айгул-Таш-Согмент-Таян автожолуна 3,3 чакырым аралыкка асфальтобетон каптамын төшөө каралып, 0,6 чакырым төшөлдү, Кызыл-Бел-Достук автожолунун жалпы аралыгы 14 чакырым, анын 6 чакырымына жаңыдан шагыл жол куруу иштери жүрүп жатат жана 3,5 чакырым асфальт төшөө пландалууда.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы