mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Асфальт төшөө иштери мамлекеттик маанидеги жолдородо министрликтин 2022 жылга бекитилен иш планы боюнча каралган 346,7 км -ден, учурда – 181,3 км басылды же 52,3 %, пайызды түздү

Асфальт төшөө иштери мамлекеттик маанидеги жолдородо КР Транспорт жана коммуникация министрликтин 2022 жылга бекитилен иш планы боюнча каралган 346,7 км -ден, учурда – 181,3 км басылды же 52,3 %, пайызды түздү
Калган областар боюнча асфальт төшөө иштери төмөндөгү көрсөткүчтөр менен жүрүп жатат:
— Чүй облусу – 23,3 км, план боюнча — 42,2 км, же 55,2 %, пайыз;
— Нарын облусу – 9,7 км, план боюнча – 29,3 км, же 33,1 %, пайыз;
— Талас облусу – 18,2 км, план боюнча – 27,2 км, же 66,9 %, пайыз;
— Ысык-Көл облусу –15,6 км, план боюнча – 30,2 км, же 51,7 %, пайыз;
— Ош облусу – 23,4 км, план боюнча — 41,5 км, же 56,4 %, пайыз
— Жалал-Абад облусу – 18,8 км, план боюнча – 44,2 км, же 42,5 %, пайыз;
— Баткен – облусу – 4,8 км, план боюнча – 10,7 км, же 44,9 %, пайыз.
Мындан сырткары,республикалык бюджеттен бекилген пландын негизинде “капиталдык салымдар” беренеси боюнча чек арадагы автожолдорду, кɵпʏрɵлɵрдʏ куруу айрыкча Баткен облусундагы чек арага чектеш автожолдорду курууга биринчи каралган планда 615,0 млн.сомго жана ошондой еле кошумча пландын негизинде 550,0 млн.сом каралып, жалпы 1 165,0 млн. сом бекитилген. Каралган акча каражатка план боюнча 71 км жолдо курулуш жумуштары пландалган, учурда 18,6 км автомобиль жолдорунда жол курулуш иштери аткарылды, алар төмөнкү жолдор: Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык; Ак-Сай-Рават; Миң-Булак-Чорго-Аксай; Кулунду-Максат-Арка; Самаркандек-Мадиген-Даркум жана башка чек арага жакын жайгашкан жолдордо).
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министирлигине караштуу Жол чарба департаменти 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга божомолдоо жөнүндө” КР Мыйзамына ылайык 2022-жылга автомобиль жолдорун оңдоп-түзөөгө жана тейлөөгө 7 582,3 млн. сом өлчөмүндө каралган.
2022-жылдын 1-августуна карата жол тармагы боюнча жалпы каржылоо 4 142,3 млн. сомдутүздү, же каралган каражаттардын 55,2%, пайызгакаржыланган, анын ичинен:
— күнүмдүк бюджеттен – 1 895,3 млн.сомго,
— же (65,3 %, пайыз, жол битумун сатып алууга 68 пайызы, (%) которулган;
— ан-чункурларды оңдоо (ямочный ремонт) – аткарылганы 127,4 миң м2, план боюнча — 133,1 миң м2 каралган, же 95,7 %, пайызга аткарылды.

— “капиталдык салымдар”беренесинен– 2 247,0 млн.сомго, же(48,8 %, пайызды түздү:
Республикалык бюджеттен каржыланып аткарылып жаткан ири долбоорлор боюнча:
— Балыкчы-Тамчы-Корумду, 104 км, учурда 5-22 км участогунда курулуш иштери жүрүп жатат, калган участокторунда асфальт төшөө иштери негизинен бүткөн;
— Балыкчы-Боконбаев-Барскоон, 141,6 км, учурда 0-25 км, 25-71 жана 71-141 участокторунда жол курулуш иштери жүрүп жатат. Быйыл 25 км жолго асфальт төшөлөт.
Орточо оңдоо жумуштарынын түрлөрү боюнча көрсөткүчтөр:

— асфальт төшөө – 181,3 км, же 52,3 %, пайызы, план боюнча — 346,7 км;
— бодурлоо — 39,7 км, же 42,6 %, пайызы, план боюнча — 93,0км;
— шагыл төшөө – 13,5 км, же же 12,7 %, пайыз, план боюнча – 106,4км.
Ири инвестициялык долбоорлор боюнча маалымат:
Бүгүнкү күндө министрлик тарабынан жол куруу тармагында эл аралык өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттарын тартуу менен жалпы долбоордук баасы 969 млн АКШ долларын түзгөн 14 долбоор ишке ашырылууда. Учурда 2022-жылга 115,4 км асфальт төшөө иштери каралса, анын ичинен 50 км ашык жолго асфальт төшөлдү.
КР ТжКМ басма сөз кызматы