mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Айдоочулардын эсине! Ашуулардагы абал тууралуу маалымат

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Долон ашуусуна 1-2 см калыңдыктагы кар жаап, жолдорго инертүү материалдар себилди.  Унаа кыймылына чектөө жок. Аталган жолдун Чар, Акбейит, Түзбел ашууларында күн бүркөк, жол ачык. Ал эми Боом капчыгайында кар жаап жатат, каттам бар.

Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун Чыйырчык ашуусуна жамгыр жаап өттү, эки тараптуу каттам бар. Ал эми аталган жолдун Талдык, Тоң-Мурун, Кызыл-Арт ашууларында түндө жааган кар тазаланып, учурда унаа кыймылына чектөө жок.  Бишкек-Ош унаа жолунун 209-255-чакырым аралыгына 5-10 см калыңдыкта кар жаап, тазалоо иштери жүрүүдө. Каттам үчүн жол ачык.

Өтмөк ашуусунда болсо кар жаап жатат. 10-15 см калыңдыктагы карды №36 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тазалап, жолго инерттик материалдарды чачып жатышат. Ал эми бул жерде оор жүк ташуучу унааларга чектөө жок.

Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка, Красная Горка-Акташ жана Казарман-Акталчат унаа жолдорунда дагы каттам бар.

Түп-Кеген унаа жолу менен Каракол-Эңилчек трассасында дагы бардык багытка жол ачык.

Мамлекеттик маанидеги Нарын-Баетов унаа жолунун 9-82-чакырымына, Нарын-Өрүк-Тамдын 0-75-чакырымына жана Он-Арча-Жаңы-Талап-Ашырма унаа жолунун 0-82-чакырым аралыгындагы тайгак жерлерге инерттик материалдарды чачуу жана жолго чыккан сууларды буруу жумуштары жүрүп жатат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймактарды толук көзөмөлгө алып, ыкчам маалымат таратуу менен жолдо жаралган көйгөйлөрдү дароо чечип, үзгүлтүксүз иш алып барууда.

 

КРдин ТжКМнин басма сөз кызматы