Арал-Казарман унаа жолу: Тоо боорунан түшкөн таштарды тазалоо иштери уланууда
- 54 просм.
Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал-Казарман тилкесинде (243-296-чакырымдар аралыгы) тоо боорунан түшкөн таштарды тазалоо иштери уланууда. Жеринде аймакты караган № 18 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана атайын техникалар иштеп жатышат. Каттам бар.
23-25-май күндөрү 2200 м3 таш көчкү тазаланды.
Ошондой эле, № 18 Жол тейлөө ишканасы тарабынан Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун 7-52-чакырымдар аралыгын автогрейдер менен тегиздөө иштери жүрүп жатат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы





