Корумду-Балбай-Баатыр участогунда курулуш иштери кызуу жүрүүдɵ
- 79 просм.
Ысык-Көл айланма жолунун Корумду-Балбай-Баатыр участогунда курулуш иштери кызуу жүрүүдɵ. Курулуш иштери 2024-жылдын 1-апрелинде толук кандуу башталган.
Долбоорго ылайык, эки тилкелүү жол төрт тилкеге чейин кеңейтилип, ортодо бөлгүч тосмолор орнотулуп, жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар, вело жол, автобус токтоочу жайлар, авто жана жɵɵ жүргүнчүлɵр үчүн светофорлор орнотулуп, калктуу конуштарды толугу менен эки тараптуу жарыктандыруу пландалууда.
Мындан тышкары, 14 көпүрө, 877 суу өткөрүүчү түтүктөрдү куруу жана реконструкциялоо жумуштары каралган.
Учурда, жер негизин даярдоо жана асфальт тɵшɵɵ иштери үзгүлтүксүз жүрүүдɵ. 53 жерде суу өткөрүүчү түтүктөр курулуп, 10 кɵпүрɵнүн курулушу уланууда. Курулуш иштери башталгандан бери 15,8 чакырым бир тараптуу асфальт тɵшɵлдү.
Министрликтин маалымат кызматы


