mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 49 22
KG   RU   EN

Ош-Баткен-Раззаков жолунда асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө

Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 47-чакырымынан 75-чакырымына чейинки тилкесинде жол оңдоо иштери кызуу жүрүүдө. Азыркы тапта 62-66-чакырымдар аралыгында асфальт төшөө, ал эми 47-чакырымында эски асфальт катмарын сыйруу менен жолду кеңейтүү жумуштары аткарылып жатат. Иш ыргагы сапатына өзгөчө басым жасоо менен бекитилген графикке ылайык уланууда.

Эске салсак, буга чейин Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 28-47-чакырымдар аралыктары асфальтталган. Ошону менен бирге жолдун 63 (Абшыр-Сай),  43 (Чили-Сай) жана 29-чакырымындагы (Кыркол-Сай) көпүрөлөрдүн курулуш иштери жыйынтыкталып, колдонууга берилген.

Белгилей кетсек, Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 0-75-чакырымдар аралыгы Ош облусунун аймагында жайгашкан. Анын ичинен 0-6-чакырымы Ош шаары, 6-11-чакырымы Кара-Суу району, 11-75-чакырымы Ноокат району (38-41-чакырымы Ноокат шаары) аркылуу өтөт.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы