mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 49 22
KG   RU   EN

Талас облусу: Чоң-Капка-Ак-Таш-Майское унаа жолу асфальтталат

Талас облусунун Манас районундагы Чоң-Капка – Ак-Таш – Майское унаа жолунун 2 чакырым аралыгы асфальтталат.

Учурда жолдун негизги катмары даярдалып, дээрлик жумуштар 80%га жыйынтыкталды. Ошондой эле, 11 жерге суу өткөрүүчү түтүктөр орнотулду. Алдыда асфальт төшөө иштери башталат.

Жумуштар «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасынын №48 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылып жатат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы