mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 49 22
KG   RU   EN

Керектөөчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү: Транспорт жана коммуникациялар министрлиги эске салат…

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Сосновка жана Кара-Көл постторунда QR-код аркылуу накталай эмес түрдө төлөм системасы иштеп жатканын эске салат. Бул ыкма калкка кызмат көрсөтүү сапатын жогорулатуу, керектөөчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү, адам факторун жокко чыгаруу, коррупциялык көрүнүштөрдү болтурбоо максатында ведомствого караштуу “Өндүрүштүк инновациялык борбор” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери тарабынан иштелип чыккан. Анда жарандар өздөрүнө ыңгайлуу 3 төлөм түрүн колдоно алат.

Алар:

1)      Заманбап жана ыңгайлуу болгон QR-код аркылуу;

2)      Электрондук капчыктар же мобилдик тиркемелер аркылуу алдын-ала төлөө;

3)      Тез жана ишенимдүү болгон терминалдар аркылуу;

Мындан тышкары, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти «Электрондук транспорттук көзөмөл» автоматташтырылган маалыматтык тутуму менен иштеп жатканын белгилей кетүү керек.

Система уруксат берүүчү документтерди берүүдө ишмердүүлүктү автоматташтыруу, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин транспорттук көзөмөл органдары менен маалымат алмашуу, кабыл алынган чечимдердин оперативдүүлүгүн жана сапатын жакшыртуу үчүн автобустук каттамдарды тейлөө үчүн ташуучуну аныктоого электрондук конкурстарды өткөрүү аркылуу транспорттук контролдун натыйжалуулугун жогорулатууга арналган.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы