mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2023-жылдын 11-мартына карата өлкөнүн ашууларында жол каттамы ачык

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өлкөнүн ашууларындагы абалды толук көзөмөлдөп жатышат.

Бүгүн, 11-мартка карата өлкөнүн ашууларында жол каттамы ачык. Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолундагы Чыйырчык, Талдык, Тоң-Мурун ашууларында унаа кыймылына чектөө жок.

Өтмөк менен Төө-Ашууда күн ачык, эки тараптуу каттам бар.

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Долон, Акбейит, Түзбел, Чар жана Кубакы ашууларында жол таза. Ат-Башы-Кында-Торугарт унаа жолундагы Кында ашуусунда да абал ушундай.

Бишкек-Ош унаа жолундагы Ала-Бел ашуусу менен Красная Горка-Акташ жолу унаа каттамы үчүн ачык.

Ал эми №26 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери караган Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолу эки тараптуу ачык. Күн мурун, 10-мартта саат 21:00дор чамасында аталган жолдун 87-89-чакырымдарына жана 102-105-чакырым аралыгына түшкөн кар көчкү тазаланып бүтүп, жол ачылган.