mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2022-жылдын 7-декабрына карата ашуу жолдорунда автоунаалардын бардык түрлөрүнүн өтүүсүнө эч кандай чектөөлөр жок.

Төө-Ашуу ашуусунда 2022-жылдын 7-декабрында саат 8:00гө карата ала булут каптап турат, бир аз кар жаап жатат. Бишкек-Ош унаа жолунун 120дан 145-чакырымына чейинки жана 180-190-чакырымындагы тилкелеринде кардан тазалоо жана инерттүү материалдар менен себүү иштери жүргүзүлүүдө. Автоунаалардын бардык түрлөрүнүн өтүүсүнө чектөөлөр жок.

Ала-Бел, Көк-Бел, Өтмөк, Чапчыма жана башка ашуу тилкелеринде кар күрткүсүн түшүрүү, ага туз, кум салуу иштери жүрүп жатат. Ош облусунун аймагындагы Чыйырчык ашуусунда жана Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун Кичи-Талдык ашуусунда музга каршы каражаттар чачылып жатат.

Ал эми Ош районундагы Кабылан-Көл айылына жакын жана Суук-Дөбө тилкесинде жолдорду кеңейтүү иштери жүрүп жатат. Ысык-Көл облусунун Түп-Кеген унаа жолунун 0-76-чакырымдарында, Чоң-Ашуу ашуусунда Каракол-Эңилчек унаа жолунун 83-чакырымынан 93-чакырымына чейин жана Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун Сөөк ашуусунда кар жаап, кардан тазаланып, тайгакка каршы инерттүү материалдар себилип жатат.

Эске салсак, Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка унаа жолунун 190-чакырымынан 215-чакырымына чейин, Жалал-Абад облусундагы Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун 0-52-чакырымына чейинки Сары-Кыр ашуусу жана Ат-Башы-Кында ашуусу. Нарын районундагы Кында-Торугарт унаа жолу учурда жергиликтүү райондук мамлекеттик администрация башчыларынын буйругу менен жабылды.

Аба ырайынын ыңгайсыздыгына байланыштуу ашуу тилкелерине чыга турган айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрүн кышкысына алмаштырууну жана жасалма тыгындарды жаратпоо жана ашууларда каршы келе жаткан жол тилкесине чыкпоону сунуштайбыз.

Ошондой эле КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги унаалардын айдоочуларын ашуу тилкелеринен өтүүдө кыйынчылыктарды болтурбоо үчүн өтүүчү тилкелерге кирүүдө кардын чынжырын тагынууга чакырат. Ашуу участокторун кесип өткөндөн кийин жолдорду деформациялап албаш үчүн тегиз жердеги кардын чынжырларын алып салуу керек. Мындан тышкары, өтмөктөрдөн өтүүдө көйгөйлөр жаралбашы үчүн жолго чыгаар алдында унаалардын техникалык абалын текшерүү зарыл экендигин эскертебиз.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы