mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2022-жылдын 19-декабрында Кыргызстандын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде КМШ Жол кызматкерлеринин өкмөттөр аралык кеңешинин медалдарын жана ардак грамоталарын тапшыруу аземи болуп өттү.

2022-жылдын 19-декабрында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Т.К.Текебаев өлкөнүн автотранспорт комплекси чөйрөсүндөгү ак ниет жана жемиштүү иши үчүн, ошондой эле КМШ мамлекеттеринин Автомобиль жолдору боюнча Өкмөттөр аралык кеңешинин 30 жылдыгына байланыштуу , КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Борбордук аппаратынын жана ведомстволук уюмдарынын кызматкерлерине, ошондой эле «Транспорт, жол чарба жана коммуникация» ардагерлерине медалдарды жана ардак грамоталарды тапшырды.

Министр Т.Текебаев сыйлык алгандарды мындан ары да Кыргызстандын жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүүгө иш жүзүндөгү салым кошууга чакырды.

PS: Автомобиль жолдорун долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо жана эксплуатациялоо жаатындагы кызматташтыкты координациялоо жана автомобиль жолдорунун жана жол курулуштарынын тармагын жакшыртуу максатында 1992-жылы Жол куруучулардын кеңеши түзүлгөн. Экономикалык биримдиктин Мамлекеттер аралык экономикалык комитетинин Президиумунун 1998-жылдын 11-сентябрындагы чечимине ылайык, ага КМШнын Өкмөттөр аралык органы статусу ыйгарылган жана ал жол кызматкерлеринин Жол кызматкерлеринин өкмөттөр аралык кеңеши (ЖКӨАК) деп аталып калган. Жол кызматкерлеринин өкмөттөр аралык кеңешинин мүчө болуп мамлекеттик органдар жана жол башкармалыктары (КМШга мүчө мамлекеттердин министрликтери, ведомстволору, концерндери, корпорациялары ж.б.) кирет.

1994-жылдын 12-13-майында Жол кызматкерлеринин өкмөттөр аралык кеңешинин төртүнчү жыйынында (Алматы) Кыргыз Республикасынын Транспорт министрлигинин өтүнүчү боюнча Кыргыз Республикасынын жол башкармалыгы КМШ Жол кызматкерлеринин өкмөттөр аралык кеңешинин мүчөлүгүнө кабыл алынган.

Учурда Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Кыргыз Республикасында Жол кызматкерлеринин өкмөттөр аралык кеңеши менен тыгыз кызматташып, транспорт коридорлорун өнүктүрүү жана жакшыртуу, ошондой эле жол тармактарын курууда жана реабилитациялоодо жаңы инновациялык технологияларды киргизүү боюнча бир катар иштерди жүргүзүүдө.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы