mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Чүй облусу: Токмок-Кошой унаа жолунда эски асфальтты сыйруу жумуштары жүрүүдө

Чүй облусуна караган Токмок-Кошой унаа жолунда эски асфальтты сыйруу жумуштары жүрүп жатат. Жумуштар Транспорт жана коммуникациялар министрлигин № 34 жана № 954 Жол тейлөө ишканалары тарабынан аткарылып жатат.

Белгилей кетсек, быйыл капиталдык салымдар беренесинин эсебинен жогоруда аталган жолдун 1,5 чакырымына асфальт төшөө каралган. Иштер бекитилген планга ылайык уланууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы