mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 49 22
KG   RU   EN

Сузактагы асфальт төшөө иштери. Транспорт министри Сыргабаевдин иш сапары уланууда

Бүгүн, 28-апрелде Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Жалал-Абад облусундагы Сузак–Кара-Дарыя жана Обход–Сузак жолдорунда жүрүп жаткан жол иштери менен жеринен таанышты.
 
Сыргабаев жумуштарды белгиленген графикке ылайык бүткөрүүнү тапшырды. Учурда аталган тилкелерде асфальт төшөө иштери жүрүп жатат.
 
Кошумчалай кетсек, Сузак–Кара-Дарыя жолунун 5, 4 чакырымы асфальтталат. Ал эми Обход–Сузак жолунун узундугу 3 км түзөт.
 
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы