mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жол чараба департаментинин алдындагы Талас облусундагы № 3 Аймактык бөлүму «Элита сатирасы» аттуу «Фейсбук» баракчасын колдонуучусунун Покровка айылынан Арал айылына чейинки аралыктагы жолдун ремонту жөнүндөгү жөнөткөн видеосуна төмөндөгүчө маалымат берет:

«Тараз-Покровка-Кайыңды» автожолу 1993- жылдан бери № 48 Жол тейлөө мекемесинин балансында турат.

1992-жылы Кыргыз Республикасынын  Эл акыны Эстебес  Турсуналиевдин  «60 жаш» маарекесине карата, аталган жолдун 15-31 чакырымы  кара шагыл менен  № 19 – Жол тейлөө ишканасы аркылуу жасалган.

Аталган жолдун кыртышы 25 жылдан бери жалан гана ямочный ремонт жасалуу менен чектелип келүүдө.  Учурда жолдун акыбалы абдан начар абалда жана капиталдык оңдоого өтө муктаж.

Асфальт казуу жумуштары (вырубка) 16- июль жүргүзүлгөн. Аба- ырайынын кескин өзгөрүп, жаан-чачындуу болушунун кесепетинен асфальт жамоо иштери кечеңдеген. Бүгүнкү  күнгө 0-24 чакырым аралыгы б.а 1174 чарчы \метр жери 1млн70 миң сомго ремонт өттү. 24-29 чакырымга чейин, 220 чарчы\метр чуңкур казылып, июнь айынын 30да бүткөрүлөт.

Пресс – кызмат