mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолу эки тараптуу ачылды

Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолу эки тараптуу ачылды. Белгилей кетсек, кечээ, 11-апрелде аталган жолдо катуу бороондон улам кар күрткүсү пайда болуп, жол убактылуу жабылган. Жерине Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу №960 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана атайын техникалар тартылып, бир тараптуу каттам берилген. Тазалоо иштери 214-227-чакырым аралыгында жүрүп, түнкү саат 02:40тар чамасында жол эки тараптуу ачылды, бирок бороон токтой элек.

Ал эми аталган жолдун Тоң-Мурун ашуусунда кар жаап, бороон болууда. Кырдаалга жараша кошумча маалымат берилет.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы