mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ош облусундагы 7 районго 21 чакырым асфальт тѳшѳѳ иши каралган

2020 –жылы Мамлекеттик капиталдык салымдар беренеси боюнча  Ош облусундагы 7 районго  21 чакырым асфальт тѳшѳѳ иши каралган. Учурда 4 райондо тактап айтканда Араван, Алай, Ноокат, Кара-Кулжа райондорунда асфальт тѳшѳо иштери аяктаган. Ал эми Чон-Алай, Кара-Суу, Озгѳн райондорунда асфальт куруу иштери кызуу жүрүп жатат. Аталган райондордогу асфальт тѳшѳѳ иштери ушул айдын аягына чейин толук бүтмѳкчү.   Жалпысынан 2020-жылдын планында республикалык бюджеттен жана «Мамлекеттик капиталдык салымдын» эсебинен негизги тизме боюнча 19,4 км жана райборборлор боюнча 152,9 км,  бардыгы  177,5 км каралган. Ал эми бүгүнкү күндѳ 117 чакырымы толугу менен бүттү.

пресс-кызмат