mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Казарман-Актал-Чат унаа жолунун Ак-Союл тилкеси, ошондой эле Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Кызыл-Бел ашуусу жана Кара-Үңкүр тилкеси унаалар үчүн ачык.

2023-жылдын 17-февралында саат 13:00дөр чамасында Казарман-Актал-Чат унаа жолунун Нарын районундагы Ак-Союл тилкеси, ошондой эле Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Кызыл-Бел ашуусу  каттам үчүн ачылды.

Аталган аймактарда кар көчкү жүрүп, жол кызматкерлери жолдорду кардан тазалоо иштерин жүргүзүштү. Ошондой эле, түшкөн кар көчкүнү тазалоо иштери  Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 303-чакырымында Долон ашуусуна жетпей Кара-Үңкүр тилкесинде жүргүзүлүп саат 16:00 чамасында. унаалар үчүн каттам берилди.

КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги унаалардын айдоочуларын ашуу тилкелеринен өтүүдө кыйынчылыктарды болтурбоо үчүн өтүүчү тилкелерге кирүүдө кардын чынжырын тагынууга чакырат. Ашуу участокторун кесип өткөндөн кийин жолдорду деформациялап албаш үчүн жалпак жерлердеги кардын чынжырларын алып салуу керек.

Мындан тышкары, узак жолдорго чыгаар алдында көйгөйлөр жаралбашы үчүн унаалардын техникалык абалын текшерүү зарыл экендигин эскертебиз.

 

КР ТжКМнин басма сөз кызматы