mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бишкек-Ош жолунун 246 чакырымында узундугу 460 м жабык типтеги кар сактоочу галереянын курулушу уланууда

Бишкек-Ош унаа жолунун 246 чакырымында узундугу 460 м жабык типтеги кардан коргоочу галерея курулууда.

2021 –жылы галерея куруу жумушу кайрадан башталып  жер иштери аяктаган. Анын ичинде дренаждык система боюнча, казуу жана кайра толтуруу 44% (күтүлгөн көлөмдүн 50%),  арматура иштери, опалубка монтаждоо, бетон куюу 46% (күтүлгөн көлөмдүн 55%), башка жумуштар аткарылды. Убактылуу курулуштардын 18%  курулду (күтүлгөн көлөмдүн 20%).

2020-жылы жумуш COVID-19 пандемиясынан улам жүргүзүлгөн эмес, анткени Япония өкмөтү контракттык жана консалтингдик компаниянын Кыргыз Республикасына баруусуна тыюу салган.

2018 — жылы тендердин жыйынтыгы боюнча подрядчы тандалып алынган. 2018 — жылдын 12-октябрында япониялык подрядчы «DAI Nippon-Iwata Chizaki JV» БИ менен 3450 миллион япон иенине келишим түзүлгөн.

2019 — жылы курулуш иштери башталган. 44 галерея  бөлүмүнүн ичинен 6 курулуп бүткөрүлүп 25%ды түздү.

Гранттык макулдашуунун негизги максаты – кар сактоочу галереясын куруу аркылуу табигый кырсыктардын  тобокелчиликтерин азайтуу жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу. Ошону менен Кыргыз Республикасында автотранспортту жана логистиканы жакшыртууга салым кошуу. «Бишкек-Ош 246 чакырымындагы жолду кар көчкүдөн коргоо» гранттык долбоору Япония Өкмөтү тарабынан каржыланат жана Бишкек-Ош жолунун  246 чакырымында жабык типтеги кардан коргоочу галереяны курууну карайт. Япония Өкмөтү бул долбоорго 4 миллион 288 000 000 япон йенин (39,2 миллион АКШ долларын) бөлдү.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы