mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ак-Терек-Папан-Кожокелең унаа жолунун 14,5-19,5-чакырым аралыгы асфальтталат

Ак-Терек-Папан-Кожокелең унаа жолунун 14,5-19,5 чакырым аралыгы асфальтталат. Учурда жолдун Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу тилкесин кеңейтүү иштери жүрүүдө. Жер иштери бүткөн соң асфальт жаткыруу процесси башталат.

Белгилей кетсек, жалпы 85 чакырым узундуктагы Ак-Терек-Папан-Кожокелең унаа жолунун 34 чакырымы асфальтталган.

Мындан тышкары, №21 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери Ош шаарындагы Т. Касымбеков атындагы көчөдө жаралган аң-чөнөктөрдү толтуруп, Ош-Баткен-Раззаков унаа жолун бойлой коюлган белгилерди актап, сырдап, тазалап жатышат.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы