mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2) «Эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу» долбоору» Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 28 чакырымдан 75 чакырымга чейинки бөлүгүн реабилитациялоо.

 

Аталган долбоордун алкагында эки компонент каралган:  

  • Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 28 чакырымдан 75 чакырымга чейинки бөлүгүн реабилитациялоо;
  • Азыркы Бишкек-Ош унаа жолунда табигый кырсыктардын алдын алуу. Аталган долбоордун алкагында унаа жолду табигый кырсыктардан сактоо үчүн инженердик-сактоочу курулуштары курула турган жол бөлүктөрү жапандар тарабынан тандалып алынды:

— унаа жолдун 400,1 чакырымынан  400,8 чакырымына чейин туннельдин курулушу;

— 409 чакырымда таштардын кулап түшүүсүнөн сактоочу курулуштарды куруу;

— 451 чакырымда жер көчкүдөн сактоочу тиреп туруучу дубалдарды куруу.

 

Ишке ашырылуусу:

Азыркы учурда долбоор эл аралык Консультант катары жапон компанияларынан түзүлгөн биргелешкен ишкана тарабынан так долбоорду даярдоо иштери аткарылуда.

Консультациялык кызмат көрсөтүү 2018-жылдын июнь айында башталды. Так долбоорду, чертеждорду жана подрядчикти тандап алуу үчүн тендердик документтерди даярдоо иштерин 2019-жылдын декабрь айында аяктоо пландаштырылган эле, бирок кошумча жумуштарга жана COVID-19 пандемиясына байланыштуу так долбоорду даярдоону аяктоо мөөнөтү узартылат.

Графиктин өзгөрүүсү геологиялык-чалгындоо иштеринде колдонуулучу техниканы алып келүүдөгү бажы процедураларындагы кечиктирүүлөргө байланыштуу (кечигүү 2 ай) аткарылуда. Ушуга байланыштуу геологиялык-чалгындоо иштерин кыш мезгилинде аткарууга туура келди. Ушундан улам коргоочу курулуштар салына турган Бишкек-Ош унаа жолунда жабдыктарды орнотуу бир топ кыйынчылыктарды жаратты.

Мындан тышкары, Буюртмачы Мамлекеттик экспертизадан өтүү учурунда учурунда долбоордук документтерди ылайыкташтырууга мажбур болду, башкача айтканда, жапан стандарттарына ылайык иштелип чыккан долбоордук-сметалык документтерди Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулган стандарттарга шайкеш келтирүү зарылчылыгы чыкты. Бишкек-Ош унаа жолунун км 400.1 – км 400.8, км 409.8 жана км 451 жол бөлүктөрүндөгү курулуштардын долбоорлору, Ош-Баткен-Исфана автожолунун 28 ден 75.034 км чейинки жол бөлүгүндөгү бардык көпүрөлөр жана айрым түтүктөрдүн долбоорлору кыргыз стандарттарына шайкештелинет. Консультант 2020-жылдын 9-июлундагы № CCI/KYR-P4/2020/L178 катында долбоордук-сметалык документтерди шайкештирүү жумуштарын баштагандыгын билдирди. Бул жумуш 2020-жылдын октябрь айынын аягында толугу менен бүтүрүсү консультант тарабынан билдирүдө. Бирок консультантын маалыматы боюнча азыркы учурда персоналы кайтадан COVID-19 оруусу менен оруганын билдирүдө, ошого байланыштуу бул жумуш дагы бир айга жылышы байкалууда.

Ушул эле учурда Консультант подрядчикти тандап алуу үчүн тендердик документтерди даярдап, тендердик комиссиянын кароосуна жөнөтүлгөн.