mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жол белгилерин алмаштыруу иштери: Министрликтин алдында ачылган устакана аймактарды жол белгилери менен толук камсыздап жатат

Өлкөдөгү эскилиги жетип, жарактан чыккан жол белгилери алмаштырылууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу №39 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери Бишкек-Красный строитель унаа жолун бойлой жөө адамдардын өтүүсү үчүн сызылган чийиндердин астындагы белгилерди алмаштырып жатышат. Азыркы тапта 30дай белги орнотулуп, жаңыланды.
Министрликтин алдындагы «Өндүрүштүк-инновациялык борбор» мамлекеттик мекемесинде жол белгилерин чыгарган устакана аймактардан келип түшкөн бардык буюртмаларды өз убагында чыгарып берүүдө.
Эске салсак, жол белгилерди буга чейин жеке компаниялар чыгарып келген. Апрель айынан тарта ишин баштаган устаканада азыркы тапта күнүнө 200дөй белги чыгарылууда. Сапатына өзгөчө көңүл бөлүнүп, 7-10 жылга чейин жарамдуу жол белгилеринин баасы тирөөчү менен жеке компаниялардан алганга салыштырмалуу кыйла арзан.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин аймактарды тейлеген жолчулары да өңү өчүп, эскилиги жеткен же жарактан чыккан жол белгилерин буюртма менен алдырып, алмаштырып жатышат.
КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы