mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери мындан ары чет мамлекеттен эмес, өлкөдөн окутулат

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча 3 күндүк тренинг өтүүдө. Иш-чаранын башталышында сөз сүйлөгөн Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев сапаттуу жолдорду салуу үчүн кызматкерлерди окутуу зарылчылыгына токтолуп, семинарларды, тренингдерди үзгүлтүксүз өткөрүү — бул тармакта жакшы жылыштарга алып келерин белгиледи.

«Биздин кызматкерлер үчүн терең билим алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылып жаткан Азия өнүктүрүү банкына ыраазычылык билдирем. ФИДИК келишимдери курулуш долбоорлорун жөнгө салуучу негизги инструмент болуп саналат жана алар дүйнө жүзү боюнча кеңири колдонулат. Бул тренингде сиздер ФИДИК жөнүндө жана аны курулуш келишимдеринде колдонуу жөнүндө терең билим аласыздар деп ишенем. Келишимдердин түрлөрүн, өзгөчөлүгүн билүү жана түшүнүү транспорт жана коммуникациялар тармагындагы долбоорлорубуздун сапатын, натыйжалуулугун жана ачыктыгын жогорулатууга жардам берет деп ишенем, — деп белгиледи министр. Ал ошондой эле окуу процессине катышып, тренингдин программасы менен таанышып чыкты.

Тренингге Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин борбордук аппаратынын, Жол чарба департаментинин, “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын, «Кыргыз жолтранс» долборлоо жана изилдѳѳ институтунун, Ислам өнүктүрүү банкынын, Дүйнөлүк банктын, Азия өнүктүрүү банкынын жана министрликке караштуу «Өндүрүштүк-инновациялык борбор» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери болуп жалпы 50дөн ашык адам катышууда.

Үч күнгө созула турган тренинг калаа четиндеги комплексте өтүүдө. Лекцияны 25 жылдык тажрыйбасы бар кесипкөй инженер-куруучу Эдин Бегович окуп жатат. Программада талкуу, суроо-жооп, тематикалык изилдөө, лекциялар камтылган.

Соңунда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери өтүлгөн материалды өздөштүрүү боюнча тест тапшырышат.  Анын жыйынтыгы боюнча окуудан ийгиликтүү өткөндүгү тууралуу сертификат алышат.

Белгилей кетсек, буга чейин тренинг, семинар, окутуулар үчүн жылына 10дой кызматкерлер чет өлкөгө жөнөтүлүп келсе, эми чет өлкөлүк тажрыйбалуу адистер Кыргызстанга келип, билгени менен бөлүшүп, 50дөн ашык кызматкерлерди окутуп жатышат. Мындай тренинг, семинарлар буга чейин Нарында, Бишкекте, Ошто уюштурулган.

Президент Садыр Жапаровдун колдоосу жана Транспорт жана коммуникациялар министринин демилгеси менен өтүп жаткан окутуулар дагы да үзгүлтүксүз уланып, кызматкерлердин билимин жана алардын кесиптик деңгээлин жогорулатууга мындан ары да чоң көңүл бурула турганы белгиленди.

 

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы