mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери жолдорду ирээтке келтирүү иштерин улантууда

Бүгүн, 14-мартка карата жол кызматкерлери тарабынан аткарылган иштердин кыскача түрмөгү:

Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 100-105-чакырым аралыгындагы лотокторду тазалоо иштери кызуу жүрүүдө.

№35 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан Шалба-Липенка-Жон-Булак унаа жолун атайын техника менен сүрдүрдүү жумуштары аткарылып жатат.

Көк-Жар-Ала-Тоо унаа жолунда жаралган аң-чөнөктөрдү толтуруу иштери жүрдү. Ал эми Токмок-Шамшы-Туюк унаа жолунда пайда болгон чуңкурларды жамоо иштерине даярдыктар көрүлүүдө.

 

Ошондой эле жолчулар Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунда жол белгилерди, аялдамаларды, эс алууга токтоочу жайларды актап, сырдап, тазалап жатышат. Мындан тышкары аталган унаа жолундагы аң-чөнөктөрдү толтуруу иштери дагы уланууда. Облустагы башка жолдорду ирээтке келтирүү иштери ырааты менен жүрүп жатат.

Бишкек-Балыкчы-Нарын-Торугарт унаа жолунун 114-чакырымындагы темир бетон тосмонун түбү тазаланып, жол четиндеги лотокторду тазалоо жумуштары аткарылууда.

Кочкор-Большевик-Көлкөк унаа жолунун 0-18-чакырым аралыгындагы жол четиндеги куураган бак-дарактарды кыркуу иштери жүрдү.

Үч-Терек-Өзгөрүш жолундагы суу жеп кеткен жерлерди калыбына келтирүү иштери аткарылып, Баетов-Макмал унаа жолуна чыккан суулар бурулду.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери жол четин тазалоо, куурап калган бак-дарактардын бутактарын кыркуу, сууларды буруу, лотокторду тазалоо, аң-чөнөктөрдү толтуруу иштери менен алек.

КРдин ТжКМнин басма сөз кызматы