mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери жолдорду ирээтке келтирүү иштерин улантууда

Бүгүн, 11-мартка карата жол кызматкерлери тарабынан аткарылган иштердин кыскача түрмөгү:

№50 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери Базар-Коргон-Арстанбап унаа жолунда жаралган аң-чөнөктөрдү толтуруу иштерине даярдык көрүп, жол четин атайын техника менен сүрдүрүп жатат.

Ал эми эл аралык маанидеги Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун боюндагы куурап калган бак-дарактардын бутактарын кыркуу, жолду кеңейтүү, шагыл төгүп тегиздөө иштери жүрүүдө.

№48 жол тейлөө ишканасынын жолчулары Тараз-Покровка-Кайынды унаа жолунун 0-10-чакырым аралыгын жана Чоң-Капка көзөмөл өткөрүү пунктунун тегерегин таштандыдан тазалап жатышат.

Ошондой эле, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 293-чакырымындагы көпүрөнүн үстүнө тоңгон муздар кол менен чагылып, туз аралашмасын чачуу иштери жүрүүдө. Баетов-Макмал унаа жолунун 75-чакырымындагы көпүрө да кардан тазаланды.

Акталчат-Казарман унаа жолунун 2-15-чакырымдарында жолго чыккан сууларды буруу иштери аткарылды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери жол четин тазалоо, куурап калган бак-дарактардын бутактарын кыркуу, сууларды буруу, лотокторду тазалоо, аң-чөнөктөрдү толтуруу иштери менен алек.

КРдин ТжКМнин басма сөз кызматы