mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Өзбекстандын Транспорт министри Илхом Махкамов менен жолугушту

Жолугушууга кыргыз тараптан Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев, министрдин орун басары Ырысбек Бариев жана жол тармагынын жетекчилери, ал эми өзбек тараптан Транспорт министри Илхом Махкамов баштаган төрт адамдан турган делегация катышты.

Тараптар алгач Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолу, андан соң “Эркечтам” өткөрмө пунктунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Жолугушууда жүк ташууну автомобиль транспорту менен ишке ашыруудагы шарттарды жакшыртуу жана анын көлөмүн көбөйтүү маселелери көтөрүлдү.

Ошондой эле, Ош-Эркечтам багытында логистикалык борбор куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, сунуштар айтылды.

 

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы