mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Толгоо тартып жаткан аялды өз убагында төрөт үйүнө алып келгендиги үчүн Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жер жана суу транспорту департаментинин Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгы №214 автобустун айдоочусу Рысалиев Азаматка Ардак грамотасын тапшырды

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жер жана суу транспорту департаментинин Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгынын башчысынын орун басары Жыргал Дыканбаев, №214 маршруттук каттамдын айдоочусу Рысалиев Азаматка кызматтык милдеттерин так аткаргандыгы үчүн, атап айтканда, жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн жакшы маданиятын көрсөткөндүгү үчүн жана толгоо тартып жаткан аялды Үсөнбаев көчөсүндөгү №1 төрөт үйүнүн эшигине чейин өз убагында жеткиргендиги үчүн Ардак грамотасын тапшырды.
Айдоочу толгоосу келип жаткан аялды төрөт үйүнө жеткирүү чечимин автобуста жүргүнчүлөр көп болгонуна карабай кабыл алып, аялды төрөт үйүнө жеткиргенден кийин каттам боюнча өз милдетин аткарууну уланткан.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы