mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун Эпкин айылынан Башкууганды айылына чейинки тилкесинин 21 чакырымына асфальт төшөлдү

Бүгүнкү күндө Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун Эпкин айылынан Башкууганды айылына чейинки участкасынын 21 чакырымына асфальт-бетон төшөө иштери аяктады. Анын 16 чакырымы 2022-жылы асфальтталса, 5 чакырымына быйыл май айында асфальт төшөлдү.

Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу Кыргыз Республикасынын бүткүл тарыхындагы эң масштабдуу долбоорлордун бири болуп саналат. Тоо кыркалары аркылуу өткөн автожол өлкөнүн түндүк жана түштүк региондорун бириктирип, мамлекеттин стратегиялык коопсуздугун камсыз кылган кошумча автотранспорттук байланышты түзөт.
Жолдун Эпкин айылынан Башкууганды айылына чейинки тилкесиндеги курулуш Азия өнүктүрүү банкы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан каржыланат жана Түндүк-Түштүк альтернативдик автожолун куруу долбоорунун бир бөлүгү болуп саналат.

Курулуш жана участокту кармоо иштери менен «БАРЭК 1 жана 3 коридорлорунун туташтыруучу жолу» долбоорун ишке ашыруучу China Railway № 5 подряддык компаниясы алектенет. China Railway № 5 башкы подрядчысы менен КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ортосундагы келишим 2021-жылдын 23-сентябрында түзүлгөн.

Долбоорду ишке ашыруунун негизги максаттары жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуунун баасын кыскартуу, жергиликтүү жана эл аралык ташууларды көбөйтүү, жергиликтүү тургундардын киреше алуусу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү жана жаңы жумуш орундарын түзүү болуп саналат.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы