mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Түндүк-Түштүк альтернативалык унаа жолунун Арал-Казарман участогундагы кайрадан таш кулоо болгон 249 – 250-чакырымдарында унаалардын өтүүсүн Подрядчы тарабынан курулган убактылуу айланма жол аркылуу бир тилке менен камсыздалган

Түндүк-Түштүк альтернативалык унаа жолунун Арал-Казарман участогундагы кайрадан таш кулоо болгон 249 – 250-чакырымдарында техниканын жана персоналдын бардык керектүү ресурстары топтолгон. Тазалоо иштери эңкейиштин үстүнкү бөлүгүндө илинип турган жана жакынкы арада таш кулоо коркунучу сакталып турган тоо тектеринин калдык бөлүктөрү толук кулап түшкөндөн кийин гана башталат. Бул жерде 25-майда унаалардын өтүүсү Подрядчы тарабынан курулган убактылуу айланма жол аркылуу бир тилке менен камсыздалган.

Түндүк-Түштүк альтернативдик автожолунун Арал-Казарман тилкесинде 230-чакырымынан 285-чакырымына чейин 2022-жылдын 9-мартынан баштап быйылкы жазда катуу жааган жаандан улам көптөгөн участоктордо таш кулаган. Акыркылары болуп:

  • 7 мая 2022 года на 251 км автодороги Арал – Казарман, в котором из-за попадания камней во время проезда грузового автомобиля на этом участке, поврежден кузов автомобиля марки Mercedes-BenzSprinter. Жертв и пострадавших не было;
  • 2022-жылдын 7-майында Арал-Казарман унаа жолунун 251-чакырымында бул тилкеде жүк ташуучу унаа өтүп бара жаткан учурда таш кулоо болуп, Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унаанын кузову жабыркаган. Адам өлүүлөр же жаракат алуулар болгон жок;
  • 2022-жылдын 25-майында Арал-Казарман унаа жолунун 249+900 — 250+200-чакырымында акыркы күндөрү узакка созулган жаан-чачынга байланыштуу саат эртең мененки 7лер чамасында тынымсыз майда таш кулоо башталып, ал саат түшкү 2ге чейин созулуп жана 10 миң м3 ашык тоо тектеринин олуттуу массасы кулап түшкөндөн кийин басаңдаган. Буга чейин дагы жолдун бул тилкесинде чоң көлөмдөгү таш кулоолор болуп, андан соң унаа жолдор таш кулоодон толук тазаланган. Подрядчынын күчү мененунаа жолдор таштардан тазаланып, ал үчүн: 1 даана экскаватор, 1 даана гидравликалык балка, 1 даана автогрейдер, 5 даана жүктөгүчтөр, 10 даана самосвалдар жана 25 жумушчу тартылган.

Таш кулаган жерлерге мониторинг жүргүзүү көрсөткөндөй, акыркы убакта жол жабылган март-апрель айларындагы абалга салыштырмалуу таш кулоолордун жыштыгы азайган. Башкача айтканда, жай мезгили келип, жаан-чачындын азайышы менен абал турукташат.

2022-жылдын май айынын аягында “Кыргызжолтрансдолбоор” Долбоорлоо институтунун жана Башкы подрядчынын адистеринин долбоордукучастокту жеринен кошумча изилдөө пландаштырылган, анын жүрүшүндө тараптар кошумча коргоочу жасалма курулуштарды — тосмолорду, таяныч дубалдарды куруу боюнча ж. б. акыркы чечимдерди кабыл алышы керек. Бул объектилердин долбоорлорун даярдагандан кийин Подрядчы алардын курулушун ушул жылкы курулуш мезгилинин аягына чейин бүткөрүүгө милдеттүү, бул жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздук абалын бир топ жакшыртат.

В связи с этим, возникает вопрос о продлении срока ограничения движения транзитного транспорта на участке автодороги Арал – Казарман в связи с камнепадами. Но решение по этому вопросу будет принято после выезда специалистов КДТП и Подрядчика на проектный участок.

Буга байланыштуу Арал-Казарман унаа жолунун тилкесинде таш кулоолорго байланыштуу транзиттик унаалардын кыймылына чектөө мөөнөтүн узартуу маселеси көтөрүлүүдө. Бирок бул маселе боюнча чечим, КДТПнын жана Подрядчынынадистеридолбоордук участокко кошумча изилдөөгө барып келгенден кийин кабыл алынат.

КР ТжКМ басма сөз кызматы