mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Семеновка жана Григорьевка капчыгайларында жол ремонтун курулушу, максатка ылайыктуу сезонунун башталышында же аягында жүрүзүлүүдө.

Июнь айынын башында Семеновка жана Григорьевка капчыгайларындагы жолдорду толук профилдөө иштери жүргүзүлгөн. Жазгы сел, алып кеткен жерлердин баары оңдолуп, тазаланды. Быйыл жаан-чачындын көп болгондугуна байланыштуу жолдорду жууп кеткендиктен кайра оңдоого туура келуүдө.
Учурда жол куруу техникасынын бүткүл паркы аларды эффективдүү пайдалануу максатында, автомобиль жолдорунун орточо капиталдык жумуштары боюнча биздин ишибизге тартылган.
Курулуш мезгили, бардыгына белгилүү болгондой, мындай жумуштардын түрлөрү үчүн, анын ичинде асфальт-бетон жолдорунун үстүнкү катмарын тазалоо үчүн 3-3,5 айды түзөт. Курулуш мезгили 40-45 күндөн ашпайт (эң ысык күндөр). Жер жумуштары, анын ичинде шагыл жана топурак жолдор үчүн курулуш мезгили болжол менен 7-8 айга созулат. Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен Семеновский жана Григорьевский капчыгайларында курулуш сезонунун башталышында же аягында жургузуу максатка ылайыктуу.
КР ТжКМнин басма сөз кызматы