mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Республиканын бардык ашуу тилкелеринде жолдорду кардан тазалоо иштери жүрүүдө

Республиканын бардык аймактарында трассаны кардан тазалоо жана тайгакка каршы инерттүү материалдар менен толтуруу иштери жүрүүдө. Республика боюнча калың жааган кардын кесепетинен мисалы  Ош облусунда, Алай районундагы Ош-Сары-Таш унаа жолунун Чыйырчык ашуусунда (56-74 км) кардын калыңдыгы 60-70 см. Бул жерге атайын техника: эки автогрейдер, 1дт бульдозер тартылган.

Бишкек-Балыкчы-Нарын-Торугарт унаа жолунун 90-137-чакырымдары, Бишкек-Ош унаа жолунун 209-315-чакырымдары, 61-115-чакырымдары, ошондой эле 123-129-чакырымдары, 132-209-чакырымдарында жолдор кардан тазаланып, жолдорго тайгакка каршы  инерттик материалдар себилүүдө. Бишкек-Ош унаа жолунда 2023-жылдын 4-январында саат 11:30да жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө коюлган чектөө алынды. Ушул эле жолдун 61-чакырымынан 209-чакырымына чейин Транспорт жана коммуникация министрлигинин №9 ЖТИнын кызматкерлери жолду кардан тазалап, тайгакка каршы инерттүү материалдарды себүүдө.

Сосновка постунда 2023-жылдын 3-январынан тарта жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилген, ал дагы деле күчүндө.

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда, Торугарт, Туз-Бел, Долон, Кызыл-Бел ашууларында жана Капчыгай тилкесинде кар күрткүсү байкалып, жолдор кардан тазаланып, инерттүү материалдар менен толтурулууда. Кар тазалоочу машиналарды тартуу менен 24 сааттык нөөмөт бар.

Кара-Кулжа районунда Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунда кардын калыңдыгы 50-60 сантиметрге жетип, жолду тазалоого  атайын техникалар тартылды. Нарын, Талас облустарындагы жолдордо, Ат-Башы районундагы Кубакы, Долон, Кызыл-Бел, Туз-Бел, Ак-Бейит, Кара-Гоо ашууларында жааган кардан улам  , жолдорду тынымсыз тазалоо иштери жүрүп жатат.

Ушундай эле иштер Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал-Казарман тилкесинде 243-чакырымынан 249-чакырымына чейин жүргүзүлүүдө. Талас районундагы Өтмөк ашуусунда да жолду кардан тазалоо иштери жүрүп жатат. Ошондой эле, Дорожный-Чолок Боом унаа жолунда 0-14 №32 ЖТИнын кызматкерлери жумуштаржы аткарууда.

Казарман-Акталчат унаа жолунун 75-83-чакырымында Кара-Гоо ашуусунда кар күрткүсү болуп, жолдун көрүү мүмкүнчүлүгү нөлгө жеткен.

 

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө жана нөшөрлөгөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар  министрлиги айдоочуларга ашуу тилкелерине кирүүдө кардын чынжырын тагынууну,  жолдо  атайын жолду тазалоочу техникаларга кыйынчылыктарды жаратпоо үчүн каршы тилкеге ​​чыкпоону сунуштайт.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы