mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Нарын облусунун Кочкор районунда Кочкор — «Фрунзе» колхозу — Кашаң-Бээ автомобиль жолдоруна 1 км асфальт төшөлдү

Алканов атындагы № 955 ЖТМ Кочкор — «Фрунзе» колхозу — Кашаң-Бээ автожолуна жалпысынан 7 чакырымга асфальт төшөөнү пландалдаштырган. Анын ичинен 2019-жылы 6 чакырымына асфальт төшөлгөн.
1 км асфальтталбай, Кош-Дөбө айыл өкмөтүнө барган айдоочуларга кыйынчылык жаралып жаткан.Бирок жакында №955 ЖТМнин кызматкерлери атайын техниканын жардамы менен калган 1 чакырымды асфальттап бүтүштү.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы