mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Мыйзам баарына бирдей! Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаевдин УКМК тарабынан пара менен кармалган 13 кызматкер тууралуу билдирүүсү

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев УКМК тарабынан пара менен кармалган 13 кызматкер тууралуу билдирүү жасады.

Билдирүүнүн тексти:

«Мыйзам баарына бирдей! Транспорт жана коммуникациялар министрлиги коррупция менен болгон күрөштү колдойт жана пара алган кызматкерлер мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылуусу керек деп эсептейт.

Биздин министрлик ачык-айкындуулук жана коррупция менен аёосуз күрөшүү жолун улантат. Министрликтин репутациясына доо кетирген жана берилген милдеттерин так аткарбаган кызматкерлердин ордуна кесипкөй адистер алынып турат».

Буга чейин Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Кара-Көл шаарындагы салмак-габаритти көзөмөлдөө постунда туруктуу коррупциялык схема аныкталып, аталган министрликтин 13 кызматкери кармалганы кабарланган.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы