mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Мурат Соорбеков Транспорт жана коммуникациялар министринин кеңешчиси болуп дайындалды

Мурат Соорбеков Транспорт жана коммуникациялар министринин кеңешчиси болуп дайындалды.

Буга чейин ал Президенттин администрациясында эксперт, ошондой эле Жогорку Кеңеште улук консультант, «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун жардамчысы болуп эмгектенген.

Ошондой эле Мурат Соорбеков «Азия Молл» соода борборунун коомчулук менен байланыш жана пиар боюнча директору, мындан тышкары «Нефтисинтез» ЖЧКсынын маркетинг боюнча директору болуп иштеген.
Жогорку билимдүү, Президенттик стипендиянын ээси, Бишкек шаардык кеңешинин ардак грамотасы менен сыйланган. Коомдук иштерге активдүү аралашып, Жогорку Кеңештин  жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер болгон.

КРдин ТжКМнин басма сөз кызматы