mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусунун Сокулук районундагы мал базардын абалы менен таанышып, бир катар ведомстволордун жетекчилерине мал базарды ирээтке келтирүү боюнча тапшырма берди.

Бүгүн 2023-жылдын 9 – январында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусунун Сокулук районундагы мал базардын абалы менен таанышып, бир катар ведомстволордун жетекчилерине мал базарды ирээтке келтирүү боюнча тапшырма берди.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.Жапаровдун тапшырмасынын негизинде Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу №1 — Жол тейлөө ишканасы Сокулук мал базарындагы ылай-баткак болуп турган жерлерди тазалап, кум, шагыл аралашмасын төгүү иштерин аткарууда. Бардык керектүү оор инженердик техникалар күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда, алардын ичинен: 6 — самосвал, 1- авто-грейдер, 1- эксковатор, 1- авто-жүктөгүч иштеп жатат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы.