mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмине ылайык жеке өнөктөштүк инвестиция тартуу каралууда

УчурдаКыргызстандын жолдорун реабилитациялоо жана реконструкциялоо тармагына 4,5 миллиарддан ашык АКШ доллары тартылган. Заемдук каражаттардыандан ары тартуу республикалык бюджетке дагы чоңжүктү алыпкелет. Ошондуктан башка каржылоо булактары изделүүдө. Булактардын бири- мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизми болуп саналат жана жеке өнөктөштүк инвестицияларды тартууну караштырат, ал белгилүү бир мөөнөткө жол акысын киргизүү менен төлөнөт. Бул механизмди ишке ашырууүчүн учурда эки-үч долбоорду карап жатабыз.
Биринчи долбоор: Чүйоблусунун калктуу конуштарын айланып өтүүүчүн узундугу 105 км Түндүк айланма жол, булл жолду реконструкциялоонун өзү 150 млн АКШ долларын түзөт, бирок азырынча техника-экономикалык негиздемеси жок, булл долбоордун наркына дагы жолду тейлөө үчүн каражат кошулат. Тейлөөнү эске алуу менен жалпы чыгымдын көтөрүлүшү жана компания жолду 12-13 жылга өзүнүн акчасын кайтканга чейин алат.
Экинчи долбоор: Сокулук – Белогорка аркылуу өтүүчү Түштүк айланма жолу. Долбоордун баасы азырынча белгисиз, бирок ТЭН даярдоо үчүн Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) борборуна арыз даярдалууда. Техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуунун алкагында Төө-Ашуу аркылуу альтернативдик тоннелди куруу варианты да каралат, ал учурдагы тоннелден 1000 метр төмөн болот.Алдын ала техника-экономикалык негиздеме боюнча анын баасы 250 миллион АКШ долларын түзөт, азырынча кызыккан компаниялар жок.
Үчүнчү долбоор: Озгон шаарын айланып өтүүчү жол, узундугу 15 км, азыр консалтингдик компания тендердик документтерди кошуп, ТЭН даярдап жатат, ушул жылдын май айында техника-экономикалык негиздемесинин долбоорун сунушташат, ал эми июнь-июль айларында МЖӨ борбору жана Инвестицияминистрлиги менен биргеликте биз тендердик процесске документтерди даярдайбыз.Учурда ТКМ жогоруда аталган долбоорлордун үчөөнү даярдап жатат.
Азыр баарына белгилүү болгондой, Түндүк-Түштүк альтернативалык автожолу курулуп жатат, узундугу 433 км, анда узундугу 3890 метр тоннель, ошондой эле, эстакадалык көпүрөлөр бар. Келечекте бул жасалма курулуштарга акы төлөнө тургандай кылуу пландалууда, алар боюнча азырынча конкреттүү эсептөөлөр жок, анткени бул жолдун толук ачылышына дагы 1,5-2 жыл бар.
Түндүк-Түштүк альтернативалык жолу кредиттик ассигнованияларжана өкмөттүн кепилдиги менен курулуп жатат жана келечекте бул жерде акы алуу кандай механизм менен жүргүзүлөрү чечилет. Бирок, өтүү үчүн тарифтер социалдык багытта болот десек жаңылышпайбыз.
МЖӨ мыйзамдарына ылайык, тендердик процесстер өткөрүлөт жана тиешелүү түрдө келишимдер түзүлөт.

МТКнын басма сөзкызматы