mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри (КР ТжКМ) Эркинбек Арстанбекович Осоев Будапешт шаарында (Венгрия) өтүп жаткан Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (Түрк кеңеши) транспорт министрлеринин V жыйынына катышууда

Жыйынга Түрк Кеңешинин башкы катчысы Багдад Амреев жана Азербайжан Республикасы, Казакстан Республикасы, Түркия Республикасы, Өзбекстан Республикаларынын жана Венгриянын транспорт башкармалыктарынын башчылары катышууда. Жолугушуунун жүрүшүндө өз ара кызматташуунун маанилүү маселелери талкууланат:

Жогоруда аталаган өлкөлөрдүн квотасы (уруксаты), транзиттик паспорт, айдоочунун визасы, зарыл болгон кошумча (эки тараптуу/транзиттик) уруксаттарды берүү жана транзиттик саякат үчүн төлөмдөрдү алуу. Товарларды ташуунун убактысын кыскартуу үчүн гармониялуу тариф саясатын кабыл алуу жана административдик тоскоолдуктарды жоюу. Тараптар ортосунда контактсыз тышкы соода жана мультимодалдык транспорттук коридорлорду өнүктүрүү. Ошондой эле, түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине мүчө мамлекеттердин ортосундагы эл аралык бириккен жүк ташуу жөнүндө макулдашууну аяктоо маселеси талкууланды.

Белгилей кетүүчү нерсе, талкууланган маселелер жана транспорт тармагындагы бир катар маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын билдирилген позициясы КР ТжКМнин алдыда боло турган жыйынына даярдык иштери болуп саналат. 2021-жылдын ноябрь айында Түркия Республикасынын Стамбул шаарында өтө турган Түрк тилдүү мамлекеттердин Кызматташтык Кеңешинин болот.

Жыйынга Түрк Кеңешинин Башкы катчысы, Түркиянын экс-премьер -министри Бинали Йылдырым жана Азербайжан, Казакстан, Түркия, Өзбекстан Республикасынын жана Венгрия транспорт башкармалыктарынын башчылары катышууда.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы