mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасында ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу секторун реформалоо” боюнча Тегерек стол өткөрулду.

Калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыз кылуу Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн маанилүү багыттарынын бири болуп саналат.

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы 1992-жылдын     22-декабрында резолюциясын кабыл алып, анда 22-март дүйнөлүк Суу ресурстар күнү деп жарыяланган. Суу ресурстарын мындан ары өнүктүрүү боюнча, мамлекеттерге аталган Күнгө ылайык, конкреттүү иш-чараларды, тегерек столдорду, семинарларды жана көргөзмөлөрдү өткөрүү боюнча сунушталган.

Ушул багытта Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү Департаменти 2021-жылдын 23-мартында “Кыргыз Республикасында ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу секторун реформалоо” боюнча Тегерек стол өткөрүп жатат.

Тегерек столдун алкагында Кыргыз Республикасында ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу секторун мамлекеттик жөнгө салуу; жергиликтүү дэңгээлде ичүүчү сууну жеткирүүчүлөрдүн жана жөнгө салуучу органдардын потенциалын жогорулатуу; Дүйнөлүк банкы, Европа биримдиги, Швейцария өкүлчүлүгү, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, Азия өнүктүрүү банкы, Ислам өнүктүрүү банкы жана Сауд өнүктүрүү фондусу тарабынан ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу тармагын өнүктүрүү боюнча аткарылып жаткан долбоорлор жөнүндө негизги маселелер талкууланат.

Аталган Тегерек жыйынга аткаруу бийликтин жогорку органы, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар, Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, эл аралык финансылык институттар, “Суу канал” муниципалдык ишканалар жана коомдук бирикмелер чакырылды.

Тегерек столдун алкагында Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү Департаменти менен Жогорку окуу жайылардын ортосунда “Суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу” тармагы боюнча кадрларды даярдоо боюнча Кызматташуу жөнүндө Меморандумдарга кол коюлат.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү Департаменти менен Борбордук Азиядагы экология жана айлана-чөйрө боюнча илимий-изилдөө борборунун (Бишкек шаары) ортосунда “Сууну тазалоо жабдууларын орнотуу” боюнча долбоорлорду ишке ашыруу боюнча Кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлат