mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

КР Транспорт жана Коммуникация Министрлигине караштуу Жарандык авиация Департаменти жарандарды чындыкка дал келбеген жалган маалыматтарды таратпоого чакырат.

КР ТжКМ караштуу Жарандык авиация Департаменти учактан Omicron вирусунун штаммынын аба аркылуу чачылып жатканы тууралуу “болжолдуу” видеотасмага байланыштуу бул маалыматтар жалган экенин билдирүүдө. 2021-жылдын декабрь айынын аягында Бишкек жана Ош шаарларынын аэропортторунда коюу туман байкалып, көрүү узактыгы 200 метрди түзүп, “Манас” аэропортунда учуп чыгуу жана учактарды кабыл алуу графиги үзгүлтүккө учурады. Буга байланыштуу учак 1800-7000 метр бийиктикте шаардын үстүнөн айланып, конууну күтүүгө аргасыз болгон же башка аэродромдорго багыт алган.

Белгилей кетсек, конуу схемасы боюнча Бишкек шаарынан 40 чакырым алыстыкта ​​түндүк тарапта атайын бөлүнгөн тосмолор бар, ал жерде 6дан ашык учак конуу кезегин күтүп турган. Конденсацияланган нымдуулуктан (тамчылар же муз кристаллдары) турган абада көрүнгөн из кыймылдап бараткан учактын артындагы атмосферада пайда болгон. Бул көрүнүш көбүнчө тропосферанын жогорку катмарында байкалат. Андан ары бийиктикте түндүк агымы, самолеттон конденсациялык изи Бишкек шаарын көздөй жылган, ошондой эле, Бишкек шаарынын үстүнөн белгиленген каттамдар жана аба каттамдары жок экенин маалымдайбыз.

КР ТжКМ  караштуу Жарандык авиация департаменти жарандарды чындыкка дал келбеген жалган маалыматтарды таратпоого чакырат.

 

КР ТжКМ басма сөз кызматы