mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Эпкин — Дыйкан автоунаа жолунда 44 тарыхый-маданий мурас объектилери аныкталды.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Азия өнүктүрүү банкынын кредитинин эсебинен каржыланып жаткан «Байланыштыруучу жол долбоору, ЦАРЭС 1 жана 3 коридорлорунун» алкагында Эпкин — Дыйкан автожолу (км. 89+500 – км. 159+200), долбоордун жол участогун деталдык изилдөөдө долбоорго жакын жайгашкан авто жолдо, 44 тарыхый-маданий мурас объектилери (ТМБ) аныкталган.
“Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө”Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, ошондой эле АӨБнын коргоо чаралары жөнүндө саясатынын талаптарына ылайык, ОИКН объектилерин коргоо зоналарынын долбоору,Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин буйругу менен даярдалган.
Долбоордун объектисинде курулуш иштери башталганга чейин Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин жана Кыргыз Республикасынын Кыргыз улуттук тарых музейинин археологдор тобуну, проффесор Кубатбек Табалдиевдин жетекчилигинин астында изилдөөгө тартылышкан.

2022-жылдын июнь айынын башынан бери археологдор тобу тарыхый-маданий мурас объектилерин, атап айтканда, байыркы көрүстөндөрдүн (жер жээгинин астындагы мүрзөлөр) куткаруу, археологиялык казуу иштерин баштады.
Кочкор өрөөнүндөгү Кызарт ашуусуна жакын жайгашкан Кырк-Кыз көрүстөнүндө казуу иштеринин жүрүшүндө, байыркы көрүстөн табылган. Аялдын сөөгү таш шакектин ортосуна чоң плита менен жабылган атайын таш кутуга салынган. Көрүстөн бузулган болуп чыкканына карабастан, андан чоң зым шакекчелер түрүндөгү эки алтын сөйкө, бир учуна спираль түрүндөгү конустар жана таш мончоктор менен кооздолгон мүйүз ийригич табылган. Бул табылгаларга караганда, бул жерде бир аялдын сөөгү коюлган. Мындай сөйкөлөр мурда мисалга алсак Казакстандын сак дөбөлөрүндө табылган. Ушул окшоштуктардын, ошондой эле дөбөлөрдү куруунун негизинде Кырк-Кыздан коюлган көрүстөн 7-4-кылымдарга таандык болушу керек. Дөбөнүн так датасы дөбөдөн алынган сөөк үлгүлөрүн терең изилдөөдөн жана радиокарбондук анализден кийин сунуш кылынышы мүмкүн.

DCIM101MEDIADJI_0343.JPG



DCIM100MEDIADJI_0320.JPG

КР ТжКМнин басма сөз кызматы