mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Эпкин-Башкууганда альтернативдик автожолунун участогунда , 2022-жылдын 12-июлунда журналисттердин пресс-туру болуп өттү.

2022-жылдын 12-июлунда Эпкин-Башкууганды автожолунун курулуш аянтында (89-чакырым 159) подрядчы тартылгандан кийин асфальт-бетон төшөлгөн.
Түндүк-Түштүк альтернативдик автожолу – Кыргыз Республикасынын тарыхындагы эң ири долбоорлордун бири. Тоо кыркалары аркылуу өтүп, аталган магистраль өлкөнүн түндүк жана түштүк аймактарын бириктирип, өлкөнүн стратегиялык коопсуздугун камсыз кылган кошумча жол байланышын түзөт. Жолдун Балыкчы шаарынан Эпкин айылына чейинки бөлүгүн куруу, Азия өнүктүрүү банкы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан каржыланып, “Түндүк-Түштүк” альтернативдик автожол долбоорунун бир бөлүгү болуп саналат.
Жол участогунун курулушун жана тейлөөсүн БАРЭКтин 1 жана 3 коридорлорун өз ара байланыштыруучу жол долбоорун ишке ашырууну China Railway №5 подряддык компаниясы жүргүзүүдө. Башкы подрядчик China Railway No5 компаниясы менен Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ортосундагы келишимге 2021-жылдын 23-сентябрында кол коюлган.
Бүгүнкү күндө Подрядчы жабдууларды жана механизмдерди мобилизациялоону, ошондой эле асфальт-бетон заводун (АПЗ) ишке киргизүүнү аяктады. Буга байланыштуу 2022-жылдын 12-июлунда аталган жерге асфальт-бетон төшөлгөн. 2022-жылы 25 чакырымга асфальт-бетон төшөө пландалууда.
Ошондой эле, кубаттуулугу саатына 180 тонна таш майдалоочу цех, 28 м3/саат бетон заводу жана 50 негизги курулуш жабдуулары алынып келинип орнотулду. Курулушка 130дан ашык адам тартылса, анын 25и чет элдик адистер.
Долбоордун негизги максаттары жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу баасын төмөндөтүү, жергиликтүү жана эл аралык жүк ташууну көбөйтүү, жергиликтүү тургундарга кошумча киреше мүмкүнчүлүктөрүн жана жаңы жумуш орундарын түзүү болуп саналат. Долбоор жол куруудан тышкары Жол активдерин эсепке алуу системасынын компонентин камтыйт, ал Кыргыз Республикасындагы жол инфраструктурасынын активдери жөнүндө бардык маалыматтарды сактоо үчүн маалымат базасын түзүүгө багытталган.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы