mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Долбоор “Суу транспорту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  Министрлер Кабинетинин  токтомунун  долбооруна   НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМКАТ  

 

  1. Максат жана милдет

   

Ушул токтомдун долбоорунун  максаты жана милдети Кыргыз Республикасынын  суу жолдорундагы ташууларда калктын жана экономиканын муктаждыктарын, кеме катнашынын коопсуздугун жана транспорттук иштер рыногун өнүктүрүү үчүн укуктук жактан камсыз кылуу, техникалык жөнгө салуу, суу транспорту жаатында мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу, ички суу транспорту жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоону контролдоо жолу менен зарыл болгон шарттарды түзүүнү камсыз кылуу  жана ошондой эле ички суу транспорту жаатында мамлекеттик жөнгө салуу, көзөмөлдөө жана контролдоо багытталган Мыйзам долбоорун жактыруу  болуп саналат.

 

  1. 2. Баяндоочу бөлүк

Суу транспорту Кыргыз Республикасынын транспортунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.  Транспортун бул түрү   өлкөдө анча  өнүккөн эмес. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын суу транспортун жөнгө салган  ченемдик укуктук актылар эски болуп жаңылоого муктаж болуп турат. Суу транспортунун негизги көйгөйлөрү болуп, эски ченемдик укуктук актылар, кадрлардын жетишсиздиги  болуп саналат.

Акыркы жылдарды  олкөдо  туристтик кызматтар, анын ичинде, Ысык-Көлдө экскурциялык сейилдөө  боюнча суу  транспортунда кызмат көрсөтүү өнүгүп баштады.

Бүгүнкү күндө  суу транспорту боюнча  жогорку юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актынын жоктугуна байланыштуу, суу транспортунун ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу жана контролдоочу эрежелер, жоболор, нускамалар, жана башка ченемдик укуктук актылар кабыл алынган жана бекитилген эмес.

Аталган мыйзамды кабыл алуу менен  суу транспортунун  юридикалык, техникалык, социалдык жана экономикалык маселелери, ошондой эле сууларда экологиялык жана техникалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча маселелер  жөнгө салынаары пландалууда.

Аталган көйгөй аткаруу бийлигинин жана суу транспорту субъектилеринин ишмердигине тиешелүү.

I — вариант  – Токтом   долбоорун кабыл алуу.

Аталган варианттын артыкчылыктуулугу, долбоор менен суу жолдорундагы ташууларда калктын жана экономиканын муктаждыктарын, кеме катнашынын коопсуздугун жана транспорттук иштер рыногун өнүктүрүү үчүн укуктук жактан камсыз кылуу, техникалык жөнгө салуу, ички суу транспорту жаатында мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу, суу транспорту жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоону контролдоо жолу менен зарыл болгон шарттарды түзүүнү камсыз кылуу  жана ошондой эле ички суу транспорту жаатында мамлекеттик жөнгө салуу, көзөмөлдөө жана контролдоо  боюнча жаңы Мыйзам долбоору сунушталып жатат.

Аталган мыйзамды кабыл алуу менен мыйзамдан келип чыккан суу транспортун ишмердигин жөнгө салган ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу ошондой эле сүзүү коопсуздугун камсыз кылууга  мүмкүнчүлүк жаралат, ошондой эле өлкөнүн туризм тармагын өнүктүрүүгө өбөлгө болмокчу.

II-  вариант – ошол бойдон калтыруу.

Аталган вариант артыкчылыктуу болбой калат, себеби суу транспорту Кыргыз Республикасынын транспорт чөйрөсүнун  ажырагыс бөлүгү болуп саналат, суу транспортун ишмердигин жөнгө салынышы кажет, тиешелүү ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу менен, сүзүү коопсуздугун камсыз кылуу жана суу транспорту өнүктүрүүгө өбөлгө болмокчу.

III вариант – альтернативалык чечүү  варианты.

Суу транспорту жаатында  юридикалык жактан жогорку күчкө ээ болгон  ченемдик укуктук актынын жоктугуна байланыштуу, суу транспорту тармагын жөнгө салуучулук эрежелерди, нускама, жобо жана баша укуктук актыларды кабыл алууга мүмкүндүк болбой жатат.

  1. Мүмкүн болуучу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттердин божомолдору

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин   ушул токтом  долбоорун кабыл алуу терс социалдык, социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге  алып келбейт.

  1. Коомдук талкуулоонун жыйынтыктары жөнүндө маалымат

“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук катылары” жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  ушул токтом долбоору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  расмий сайтына коомдук талкулоо жол-жобосунан өтүү үчүн жайгашытырылат.

  1. 5. Долбоордун мыйзамдарга шайкеш келишине талдоо жүргүзүү

Берилген долбоор колдонуудагы мыйзамдардын, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине карама-каршы келбейт.

  1. 6. Каржылоо зарылдыгы жөнүндө маалымат

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  ушул токтом долбоорун кабыл алуу  республикалык бюджеттен кошумча финансылык сарптоолорго  кылбайт.

  1. Жөнгө салуучулук таасирин талдоо жөнүндө маалымат

Берилген  долбоорго   жөнгө салуучулук таасирин  талдоо  иштелип чыгып жатат.

 

 

 Министр                                                                                             Э.А.Осоев