mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Быйыл Ысык-Көлдөгү Кызыл-Кыя ашуусунун жолу оңдолот

Быйыл Ысык-Көлдөгү Кызыл-Кыя ашуусунун жолу оңдолот. Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Ысык-Көл облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Түп жана Ак-Суу райондорунда 2023-жылы жасала турчу жолдордун тизмесин, планда көрсөтүлгөн жумуштарды карап, иштер менен жеринен таанышты.

Мекеме жетекчиси Ак-Суу районундагы Тепке-Курбу-Жылдыз унаа жолуна барып, жакында гана асфальтталган тилкедеги (5 чакырым) иштин жыйынтыгын көрүп, жол четин кошо бүтүрүүнү тапшырды.

Министр Тилек Текебаев быйыл жогоруда аталган эки районду бириктирип турган Кызыл-Кыя ашуусундагы жолду оңдоп-түзөө тапшырмасын берди.
Белгилей кетсек, азыркы тапта ал ашууда кар жатат. Күн жылып, кар кетери менен жолду оңдоп-түзөө иштери башталат. Кызыл-Кыя ашуусунун жолу 15 чакырымды түзгөн шагыл жол. Дээрлик 20 жылдан бери карала элек бул тилке, быйыл министрдин тапшырмасынын негизинде оңдоп-түзөлөт.

Мамлекет жетекчисинин колдоосу менен алдыда иштер уланып, быйылкы жылы планга кирген жолдордун өз убагында бүткөрүлүшү министрдин жеке көзөмөлүндө болот.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы