mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бишкекте өтүп жаткан “Кыргыз Республикасындагы жол активдерин башкаруу” темасындагы төрт күндүк семинардын алкагында иш-чаранын катышуучулары кечээ, 24-майда ТжКМ алдындагы “Өндүрүштүк-инновациялык борборго” барып, мамлекеттик мекеменин ишмердүүлүгү менен таанышты

Бишкекте өтүп жаткан “Кыргыз Республикасындагы жол активдерин башкаруу” темасындагы төрт күндүк семинардын алкагында иш-чаранын катышуучулары кечээ, 24-майда ТжКМ алдындагы “Өндүрүштүк-инновациялык борборго” барып, мамлекеттик мекеменин ишмердүүлүгү менен таанышты.

“Өндүрүштүк-инновациялык борбордун” ишмердүүлүгү жөнүндө семинардын катышуучуларына Автомобиль жолдорун эсепке алуу жана диагностикалоо секторунун башчысы Р.Турсуниязов айтып берди.
Тактап айтканда, ал жол белгилерин жасоо боюнча устаканада иш кандай жүрүп жатканын көрсөтүп, “Өндүрүштүк-инновациялык борбордун” максаттары жана милдеттери тууралуу сөз кылды.

Ошондой эле, борбордун кызматкерлери семинардын катышуучулары менен бирге Түндүк айланма жолдогу көчмө лабораторияны көрүп, жол активдерин башкаруу системасы үчүн маалыматтарды чогултуу процесси менен таанышышты.

Белгилей кетсек, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Н.Исанов атындагы кампусунун имаратында (КМКТАУнун мурдагы имараты) Азия өнүктүрүү банкы, БАРЭК институту жана жогоруда аталган окуу жай тарабынан уюштурулган «Кыргыз Республикасындагы жол активдерин башкаруу» темасындагы төрт күндүк семинар 26-майда жыйынтыкталат. Семинар алдыда чет өлкөлүк эксперттердин катышуусусуз эле жол активдерин башкаруу маселелери тууралуу окутууларды өткөрүү максатын көздөйт.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы