mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бишкек-Ош унаа жолунун Маданият – Жалал-Абад тилкесинде асфальт-бетон төшөө иштери жанданды

Маданият – Жалал-Абад участогунда (507,5 – 574,5 км) курулуш мезгилинин башталышына байланыштуу асфальт-бетон төшөө боюнча иштер жанданды. Бул жерде IV фаза, БАРЭК 3 транспорттук коридорун (Бишкек – Ош автожолу) реконструкциялоо долбоору ишке ашырылып жатат.

Мында 2023-жылдын курулуш сезонунда «Азвирт» ЖЧКсы курулуш иштерин ишке ашыруучу подрядчы катары негизги курулуш иштерин бүтүрүүнү пландаган.

Подрядчы менен келишим түзүлгөн учурдан тартып 64,5 км асфальт-бетон төшөлгөн. 2022-жылы долбоордун алкагында 22 км асфальт-бетондун астынкы катмары жана 12,5 км асфальт-бетондун үстүнкү катмары төшөлдү. 2023-жылдын курулуш сезонунда негизги курулуш иштерин аяктоо пландаштырылууда.

Маалымат: курулуш иштерин аяктоо боюнча келишимге ылайык, автожол төмөнкү техникалык параметрлерди алат:

— Калктуу конуштарда 4 тилке жана калктуу конуштардан тышкары жерлерде 2 тилке;

— тилкенин туурасы-3,5-3,75 метр

– огуна эсептелген жүк-11,5 тонна;

— калктуу конуштарда тротуарларды, жарыктандырууну жана суу буруучу лотокторду орнотуу;

— эски токтоочу аянтчаларды реконструкциялоо жана жаңыларын куруу;

— 36 миң көчөт отургузуу.

КРдин ТжКМнин басма сөз кызматы